# Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 112/XXVIX-28 "Штаттык ырааттамасын өзгөртүүнү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөөнү бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 112/XXVIX-28 "Штаттык ырааттамасын өзгөртүүнү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөөнү бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 112/XXVIX-28
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017979>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35287/edition/21226/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017979.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Люксембург айыл аймагынын Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-ноябрындагы № 112/XXVIX-28 "Штаттык ырааттамасын өзгөртүүнү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөөнү бекитүү жөнүндө" токтому (09.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017979

---

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 9-ноябры №112/XXVIX-28 Штаттык ырааттамасын өзгөртүүнү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөөнү бекитүү жөнүндө "Эмгек-Люкс" муниципалдык ишканасынын штаттык ыраттамасына өзгөртүүнү бекитүү жана тез жардам айдоочусуна акы төлөө жөнүндө "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Т. Буйляшевдин маалыматын талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1."Эмгек-Люкс" муниципалдык ишканасынын штаттык ырааттамасына өзгөртүүлөр бекитилсин.

2.Тез жардамдын айдоочусу – штаттык бирдиги киргизилсин. Штаттык ыраттамага ылайык, 2023- жылдын 1- ноябрынан баштап төлөнсүн. Айлык эмгек акысы 13164 сомду түзөт.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы

К.Р.Шайлдабеков
