Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-ноябры № 697
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2000 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 617 (Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу…Распоряжение · 18.09.2026 · № 617
- Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө ЖОБОПоложение · 19.11.2024 · № 697
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 "Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2000 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жаштар жөнүндөЗакон · 04.08.2023 · № 157