Ак-Суу айылдык кенешинин “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 202 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) киргизүү жумуштарын бекитүү жөнүндө ”.
КР Айыл чарба министрлигинин “КР Жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 20-апрелиндеги №154-НИ буйругу,КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын 2023-жылдын январынын №12 буйругуна ылайык Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 2-июнундагы №2/140 буйругунун,Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №52 буйругунун негизинде жана “Кыргызмамжердолбоорлор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан жүргүзүлгөн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртү,түзөтүү (корректировка) киргизүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын өзгөртүп,түзөтүү (корректировка) жумуштарынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын өзгөртүп,
түзөтүү (корректировка) жумуштары тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
3.Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Саматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 154-ни "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Приказ · 20.04.2023 · № 154-ни · Күчүн жоготкон