# Пригород айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 81 “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Пригород айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 81 “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017848>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35189/edition/21027/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пригород айылдык кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 81 “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому (07.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017848

---

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Пригород айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 27 сапар сессиясы

2023-жылдын 7-декабрындагы № 81

“Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө” жобонун, Пригород айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №03-21/651 өтүнүч каттын жана берилген материалдардын “мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү боюнча” 2023-жылдын 2-октябрындагы №2 Аламүдүн райондук комиссиясынын протоколунун негизинде чечим кылган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик Администрациясынын №22-п 2023-жылы 18-октябрында чыккан Токтомуна ылайык, Пригород айылдык кеңеш талкуулап,

ТОКТОМ кылды:

1. Пригород айыл аймагынын №199-контурунда “Үмүт” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,04 га жер участогун канализациялык-насостук станциясын уюштуруу жана куруу үчүн жердин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №199-контурунда “Үмүт” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,04 га жер участогун канализациялык-насостук станциясын уюштуруу жана куруу үчүн багытын өзгөртүү (трансформациялоо) боюнча Пригород айыл өкмөтү өтүнүч келтирилсин.

Төрага

Т. Омурзаков
