Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Пригород айылдык кеңешинин “Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому
ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ Пригород айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 27 сапар сессиясы
2023-жылдын 7-декабрындагы № 81
“Жер участогунун багытын өзгөртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү жөнүндө” жобонун, Пригород айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-июнундагы №03-21/651 өтүнүч каттын жана берилген материалдардын “мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү боюнча” 2023-жылдын 2-октябрындагы №2 Аламүдүн райондук комиссиясынын протоколунун негизинде чечим кылган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик Администрациясынын №22-п 2023-жылы 18-октябрында чыккан Токтомуна ылайык, Пригород айылдык кеңеш талкуулап,
ТОКТОМ кылды:
1. Пригород айыл аймагынын №199-контурунда “Үмүт” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,04 га жер участогун канализациялык-насостук станциясын уюштуруу жана куруу үчүн жердин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №199-контурунда “Үмүт” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 0,04 га жер участогун канализациялык-насостук станциясын уюштуруу жана куруу үчүн багытын өзгөртүү (трансформациялоо) боюнча Пригород айыл өкмөтү өтүнүч келтирилсин.
Төрага
Т. Омурзаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.