# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 741-т (Айрым уюмдар үчүн 30-жылдын 2024-ноябрын иш күнү деп белгилөө жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 741-т (Айрым уюмдар үчүн 30-жылдын 2024-ноябрын иш күнү деп белгилөө жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 741-р
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19376/edition/21015/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 741-т (Айрым уюмдар үчүн 30-жылдын 2024-ноябрын иш күнү деп белгилөө жөнүндө) тескемеси (20.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 20-ноябры № 741-т

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2024-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-статьясында жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2024-жылдын 30-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
