# Шекер айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 1-июну № 9 "Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шекер айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 1-июну № 9 "Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78282/edition/21002/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шекер айылдык аймактык кеңешинин 2023-жылдын 1-июну № 9 "Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому (01.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017822

---

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 3- сессиясы

2023-жылдын 1-июну № 9

Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 18-январында №4 сандуу кабыл алынган “Салык кодексин колдонууга киргизүү”жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 мыйзамынын редакциясына ылайык) токтом кылат.

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболору ал колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон салыктык укук мамилелерине жайылтылат.

3.Мүлк салыгы 2022-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин айыл аймагына киргизилет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

К.Э.Иманалиев
