# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15976/edition/20982/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (19.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017803

---

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2024-жылдын 19-ноябры № 183

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 37-берененин 1-бөлүгүндө:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:

"11) сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;"; "12) кылмыш ишин козгоого;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

"61) алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүүгө;";

2) 39-берененин 2-бөлүгүндө:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"51) тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн жазуу жүзүндө тапшырмасын аткарат;";

3) 152-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"152-берене. Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органынын аракеттери Жасалган кылмыштын фактысы боюнча алгачкы текшерүү органы окуя болгон жерди кайтаруу, кылмыш издерин сактоо боюнча зарыл чараларды көрөт, ошондой эле кылмыш жасаган адамды табуу, уурдалган мүлктү издеп табуу, далил катарында пайдаланылышы мүмкүн болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо максатында изин суутпай издөө иштерин жана кечиктирилгис аракеттерди жүзөгө ашырат, ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт.";

4) 153-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгаргандан кийин" деген сөздөр алып салынсын;

5) 170-берененин 7-бөлүгү "тергөөчү," деген сөздөн кийин "алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы," деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 17-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
