# Лебединовка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 22-9 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Лебединовка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 22-9 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22-9
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78279/edition/20889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лебединовка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабры № 22-9 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (27.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017703

---

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 27-декабры № 22-9 Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Лебединовка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, энергетика, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 17-октябрындагы Турдубеков Курманбек Турдубековичтнн жеке менчигиндеги, Лебединовка айылдык аймагындагы №18 контурдагы, идентификациялык номери 7-01-09-0003-0119, жалпы аянты 1,50 га жерлердин Айыл чарба багытындагы жерлер» (сугат айдоо жери) категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына эмерек чыгаруучу цехти куруу үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө протоколун карап чыгып, талкуулап, 2022-жылдын 10-майындагы No 7012022-22328 айыл чарба багытындагы жер участогун сатып алуу-сатуу келишиминин, № 041444 сериясындагы жер участогуна (үлүшкө) жеке менчик укугу жөнүндө көбөлүктүн, райондук комиссиянын 2023-жылдын 2-октябрынан тартып айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан экинчисине же бир түрүнөн экинчисине которуу (трансформациялоо) жөнүндө түшүнүк катынын, жер участогун эксплуатациялоо боюнча корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Лебединовка айылдык Кеңешинин 22-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турдубеков Курманбек Турдубековичтнн жеке менчигиндеги, Лебединовка айылдык аймагындагы №18 контурдагы, идентификациялык номери 7-01-09-0003-0119, жалпы аянты 1,50 га жерлердин Айыл чарба багытындагы жерлер» (сугат айдоо жери) категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына эмерек чыгаруучу цехти куруу үчүн которууга макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына, Турдубеков Курманбек Турдубековичтнн жеке менчигиндеги, Лебединовка айылдык аймагындагы №18 контурдагы, идентификациялык номери 7-01-09-0003-0119, жалпы аянты 1,50 га жерлердин Айыл чарба багытындагы жерлер» (сугат айдоо жери) категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына эмерек чыгаруучу цехти куруу үчүн которуу жагын кароо өтүнүчү жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай у А. тапшырылсын.

Төрага

К. Умурбаев
