# Курманбек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-майындагы № 3 "Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү Регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курманбек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-майындагы № 3 "Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү Регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35106/edition/20871/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курманбек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 24-майындагы № 3 "Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү Регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (24.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017687

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 24-майы № 3

Курманбек айылдык кеңешинин Типтүү Регламентине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Регламенттин 16-главасынын II пунктуна “Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин дептуттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат” деген сөз “Жүйөлүү себептерсиз (эгерде жүйөлүү себептер болгон тиешелүү кагазы менен, жергиликтүү кеңештин жыйналышына чейин төрагалык кылуучуга билдирүү зарыл) жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депутатттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу учүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт” деген сөз менен алмаштырылсын;

2. Регламенттин 2-главасынын 2-пунктунун 5-7- пунктчалары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгү Кыргыз Республиксынын 2012-жылдын 3-августундагы №149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкондугуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу регламенттен алынып салынсын;

3. Аталган токтомду тиркемелери менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Курманбек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Ботобаевага жүктөлсүн.

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ж.Ж.Салаев
