# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы ПУ № 150 "Кыргыз Республикасынын айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы ПУ № 150 "Кыргыз Республикасынын айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10751/edition/20864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017683.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы ПУ № 150 "Кыргыз Республикасынын айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Указы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017683

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

2001-жылдын 2-майы ПУ № 150

Кыргыз Республикасынын айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын нормативдик укуктук актылар менен камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

Азыркы учурда жер-жерлерде мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоонун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык органдарынын ишинин сапатын бардык чаралар менен жогорулатууга зор маани берүү менен жана аларды нормативдик укуктук актылар менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылууну уюштуруу максатында токтом кылам:

1. Айыл жериндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары чыгарган мыйзам жана башка нормативдик укуктук актылар менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу боюнча бекем базаны түзүү аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү милдеттеринин бири деп эсептелсин.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана бардык деңгээлдеги кеңештер баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жылдык бюджетинин долбоорун иштеп чыгууда "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына жазылууга жана сатып алууга чыгымдар" деген атайын статьяны милдеттүү түрдө карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- эки айлык мөөнөттө бардык нормативдик укуктук актыларды алуучуларга - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык жана поселкалык органдарына чейин жеткирүүнүн жолдорун жана ыкмаларын кошуп алганда баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алар менен камсыз кылуу механизмин иштеп чыксын жана бекитсин;

- республикалык бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдарынын нормативдик укуктук актыларын жетиштүү санда жарыялоого атайын каражаттарды карасын;

- баштапкы деңгээлдеги бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук актыларга жазылуусун жана сатып алуусун, ошондой эле аларды адресатка чейин туруктуу жана өз убагында жеткирип турууга жооптуу мамлекеттик органды аныктасын.

4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жалпы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
