# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабры № 186-28 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборунун мамлекеттик социалдык заказынын программасын бекитүү" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабры № 186-28 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборунун мамлекеттик социалдык заказынын программасын бекитүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 186-28
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017681>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35100/edition/20861/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017681.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабры № 186-28 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборунун мамлекеттик социалдык заказынын программасын бекитүү" токтому (22.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017681

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 22-декабры № 186-28

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборунун мамлекеттик социалдык заказынын программасын бекитүү

2022-2023-жылдар аралыгында Аламүдүн айыл аймагынын мамлекеттик социалдык заказынын программасын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборунун мамлекеттик социалдык заказынын программасы бекитилсин.

2. Программаны ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 800 000 (сегиз жүз миң) сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнсүн.

3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.П.Филимоненко

Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 186/1-28 токтому менен бекитилген

2022-2023-жылдарга Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагынын мамлекеттик социалдык заказ программасы

Аламүдүн айыл аймагынын мамлекеттик социалдык заказ программасы (мындан ары - Программа) “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин милдеттерине ылайык калктын социалдык кызматтарга муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү, ошондой эле социалдык көйгөйлөр жана коомдук пайдалуу максаттар маалымат базасына келип түшкөн жарандырдын жана уюмдардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты. Мамлекеттик социалдык заказдын максаты жергиликтүү болуп жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын интеллектуалдык, кадрдык, материалдык жана башка ресурстарын тартуу аркылуу жергиликтүү жамааттын социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүү болуп саналат. Ошондой эле, 2022-2023-жылдарга Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында социалдык мүнөздөгү милдеттер, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бош убактысын уюштуруу боюнча иш-чаралар мерчемделген. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан Программаны ишке ашырууга 800 000 (сегиз жүз миң) сом бөлүү мерчемделип жатат. “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 4-пунктунда аталган максаттарга жогоруда аталган каражаттын өлчөмүнөн 5 пайыздан ашык эмес пайдаланылышы мүмкүн. Аламүдүн айыл аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 282 адам бар, алардын ичинен балдардын саны – 76, диагноздору: балдардын церебралдык шал оорусу менен – 13 бала, Даун синдрому менен – 7 бала, Аутизм менен – 6 бала, психикалык өнүгүшүнүн жана сүйлөөнүн кечигиши менен – 14 бала, көрүүсү боюнча – 4 жана угуусу боюнча – 6 майып бала бар. Калган 26 бала түрдүү: талма, кант диабети, жүрөк кемтиги, ичеги-карын жолдорунун көйгөйлөрү, жырык эрин жана таңдай, муундардын сезгениши, курч лейкоз, сколиоз, буттун ампутациясы ж.б. менен жабыркагандар. Бул балдардын тили начар чыккан же такыр чыккан эмес жана дене бой жактан өсүүсү артта калган. Алардын арасында төшөктө, кыймылсыз жаткандары да бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 76 баланын ичинен лицейде жана техникумда 3 бала окуйт, 18 бала жалпы мектепке барат жана 14 бала адистешкен мектептерге барышат, балдар бакчасына жана реалбилитациялык борборлорго 7 бала барат, ал эми 34 бала диагнозунан улам үйдө отурууга аргасыз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ай сайын 8000 сомду түзгөн мамлекеттик жөлөк пул алышат. Бул каражат дары-дармек жана дарылануу үчүн жетишсиз. Эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор коомго кандайдыр бир жол менен көнүшүп калган болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар башка бирөөнүн туруктуу кароосуна муктаж, бирок баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок. Өзү теңдүүлөр менен баарлашып, мектепте окуган балдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө жараша толук кандуу жашоодо жашап жатышат. Мектепке барып, билим албаган жана башка эч кандай мекемелерге барбаган бардарга бир топ кыйын.

Муктаждыктарды изилдөөнүн алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен фокус топтор өткөрүлүп, анда мындай балдардын өтө маанилүү муктаждыктары аныкталды, алардын ичинде дене тарбия боюнча сабактарга, ырдоо жана сүрөт тартуу сабактарына муктаждык бар. Анткени, Даун диагнозу менен жабыркаган балдарды, мисалы, тажрыйба көрсөткөндөй, ырдоо жана сүрөт тартуу сабактары аркылуу өнүктүрүүгө болот. Ошондой эле, ата-энелер балдары өзү теңдүүлөр, чоң балдар жана чоңдор менен пикир алышууга муктаж экендигин белгилешти. Балдар дайым үйдө болушат, ата-энеси жана жакындарынан бөлөк адамдар менен сүйлөшпөйт, мындан улам алар кыжырданып, жүрүм-турумунда агрессия пайда болот. Мунун баары балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Аймакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бош убактысын өткөрүү кызматтары жетишсиз, өткөрүлүп жаткан коомдук иш-чаралар чектелүү. Айылда балдарды алып бара турган жайлар жок, ал эми Бишкек шаарындагы бош убакытты уюштуруу кызматтарынын баалары алар үчүн жеткиликсиз, анткени бул бир жагынан кымбат, экинчи жагынан баланы шаарга алып баруу кыйын. Ата-энелердин каражаттарынын баары дары-дармекке жана аягы жок дарылоого жумшалат. Бул балдар дайыма кароо алдында болушу керек болгондуктан, көпчүлүк ата-энелер иштешпейт, анткени дайыма баланын жанында болууга аргасыз.

Аталган балдардын жашоо көндүмдөрүн, акыл-эс жана физикалык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, коомдо жашоого адаптациялоого таасир экен бош убактысын уюштурууга муктаж. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар - бул өзгөчө муктаждыктары бар балдар, бирок баарынан мурун бул – оюндар, бий, музыка, майрам сыяктуу иш-чаралар аркылуу пикир алышуу керек болгон балдар. Дени сак балдар кандай жашоодо жашаса, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да ошондой жашоо керек, анткени алар биздин коомдун бир бөлүгү. Аталган Программа коомдо оор турмуштук кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдаштыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүнү карайт.

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу планы

№

Ишке ашыруу мөөнөтү (ай)

Мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын категориялары

Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулар (топтор)

Социалдык көйгөйдүн, коомдук пайдалуу максаттын аталышы

МСЗны ишке ашыруу аймагы

МСЗнын формасы

Зарыл болгон каржылоо суммасы

Күтүлгөн жыйынтыктар

Жыйынтыктарды өлчөөчү көрсөткүчтөр

1

2024-жылдын февраль март апрель май июнь айлары

Коммерциялык эмес уюмдар

76 адам (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар)

Бош убактысын уюштуруу аркылуу маанилүү жашоо көндүмдөрүн жана коомдо жашоого адаптациялоону өнүктүрүү.

Аламүдүн а. Садовое а.

Коомдук пайдалуу долбоорлор

Жергиликтүү бюджеттен 800 000 (сегиз миң) сом

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоого маанилүү көндүмдөрүн өнүктүрүү:

- пикир алышуу чөйрөсү кеңейет;

- балдар бир топ өз алдынча болуп калышат;

- тиричиликке аралашууну үйрөнөт;

- пикир алышууну түшүнүүсү жакшырат.

2. Ата-энелердин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына туура жана адекваттуу мамилесин өнүктүрүү;

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бош убактысын уюштуруунун түрдүү формаларын кошуу менен иш-чараларды өткөрүү.

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (кеминде 50%) иш-чараларга катышты;

- 50% балдар жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүп, коомдо жашоого адаптацияланышты.

Айыл өкмөтүнүн башчысы\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
