# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 665
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-35022/edition/20764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017580

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-ноябры № 665

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)

Жер участокторун бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрдөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 18, 20 жана 22-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 597 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35 "Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 17-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
