# Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 17/1 "Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 17/1 "Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17/1
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34990/edition/20725/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 17/1 "Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Токтому (16.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017553

---

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңештин депутаттарынын VII чакырылышы XVII сессиясы

2024-жылдын 16-сентябры № 17/1

Айыл аймагындагы бала бакчаларга 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга кенже топтогу тайпа ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Чолпон айылдык аймагына караштуу Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасынын башчысынын билдирүүсүн угуп, Чекилдек айылындагы жана Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчаларына жана Туз жана Ара-Көл айылдарындагы ачылып жаткан бала бакчаларына 2 жаштан 3 жашка чейинки балдарга, келечегине шарт түзүү максатында кенже топтогу тайпа ачылууга макулдук берилсин.

Алар:

- Чекилдек айылындагы “Айсулуу-К” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;

- Чолпон айылындагы “Нур-Чолпон” бала бакчасына 15 орундуу 1 кенже тайпа;

- Туз айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15 орун;

- Ара-Көл айылында ачылуучу бала бакчага 20 орундан 2 тайпа, 1 кенже тайпа 15

орун.

2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З. А. Козубековго милдеттендирилсин.

Төрага

Жумалы уулу Адил
