Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин белгилөө жөнүндө, токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 111
Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин белгилөө жөнүндө
Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгилесин:
1-18-тиркемелерге ылайык, Бишкек шаарынын үй комитеттеринин аймактарынын чектери; 19-38-тиркемелерге ылайык, Бишкек шаарынын кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектери. (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1-38 тиркемелери)
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
а) ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жобого ылайык келүүсүн карасын жана 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө өз сунуштарын Бишкек шаардык кеңешине киргизсин;
б) Бишкек шаардык кеңешине төмөнкү токтомдор боюнча өздөрүнүн сунуштарын киргизсин:
2005-жылдын 3-октябрындагы № 123 "Бишкек шаарынын Свердлов районунун жаңыдан түзүлүп жаткан кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө"; 2005-жылдын 3-октябрындагы № 124 "Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жаңыдан түзүлүп жаткан кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө"; 2005-жылдын 28-декабрындагы № 164 "Бишкек шаарынын Ленин районундагы "Ала-Тоо" жаңы конушунун № 60 кварталын бөлүү жана жаңы түзүлгөн кварталдардын чектерин бекитүү жөнүндө"; 2003-жылдын 9-июлундагы № 195 "Октябрь райондук кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө"; 2006-жылдын 28-июнундагы № 229 "Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик жаңы конушунун бөлүнгөн жана жаңыдан түзүлгөн кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө"; 2007-жылдын 4-июлундагы № 347 "Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун № 11 аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун 42 жана № 12 Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун № 70 кварталдарынын чек араларын бекитүү жөнүндө"; 2007-жылдын 3-октябрындагы № 364 "Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Касым жаңы конушунун № 13 аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун жаңыдан түзүлгөн № 78 кварталынын чек араларын бекитүү жөнүндө"; 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 443 "Бишкек шаарынын Октябрь районунун "Алтын-Ордо" жана "Рухий-Мурас" жаңы конуштарында жаңыдан түзүлгөн кварталдардын чек араларын бекитүү жөнүндө".
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 38 "Бишкек шаарынын үй жана кварталдык комитеттеринин аймактарынын чектерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · Күчүн жоготкон