# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы № 37-6 “CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы № 37-6 “CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 37-6
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34954/edition/20679/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы № 37-6 “CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (28.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017509

---

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 37 сессиясы

2021-жылдын 28-январы № 37-6

“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык А.Мирмахмудов айылдык Кеңеши Токтом кылат:

1. А.Мирмахмудов айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн алты даана электр аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №863-контурунда жайгашкан жалпы 484 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун, №1076, №1076, №1090, №1184, №1238Ч контурларында жайгашкан жалпы 1922 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган кайрак айдоо жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жер адиси Сайтбаев Юсуфжанга долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы

А.Тохтаев
