Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Каршы күрөшүү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин тизмесин жана Пестициддердин жана агрохимикаттардын чыгышы жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан, жоюу иштери республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-февралы № 49
Каршы күрөшүү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин тизмесин жана Пестициддердин жана агрохимикаттардын чыгышы жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан, жоюу иштери республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Каршы күрөшүү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) Пестициддердин жана агрохимикаттардын чыгышы жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан, жоюу иштери республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кырдаалдардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
Каршы күрөшүү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин ТИЗМЕСИ
1. Үйүрлүү жана үйүр түзбөгөн (италиялык прус, лат. Calliptamus italicus; марокко чегирткеси, лат. Dociostaurus maroccanus; кайракчы прус, лат. Calliptamus turanicus; кобылкалар: атбасарлык, лат. Dociostaurus kraussi (Ingenitskii); чырым, лат. Arcyptera microptera Fischer von Waldheim; күрүч, лат. Oxya fuscovittata Marsch, сибирь, лат. Aeropus sibiricus L.).
2. Америкалык ак көпөлөк, лат. Hyphantria cunea Drury.
Эскертүү. Өлкөнүн азык-түлүк жана экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө коркунучтуу зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөр массалык түрдө чыккан, эпифитотия болгон, тараган учурда тизме толукталышы мүмкүн.
2-тиркеме
Пестициддердин жана агрохимикаттардын чыгышы жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан, жоюу иштери республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кырдаалдардын ТИЗМЕСИ
1. Уулуу, канцерогендик, мутагендик жана тератогендик пестициддердин чыгышы (төгүлүшү, чачылышы, агып чыгышы) жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан локалдуу (жеке жана объекттик) жана ири масштабдуу (жергиликтүүдөн трансчекаралык) аварияларга жана табигый кырсыктарга алып келген өзгөчө кырдаалдар.
2. Агрохимикаттардын чыгышы (төгүлүшү, чачылышы, агып чыгышы) жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан жергиликтүү (жеке жана объекттик) жана ири масштабдуу (жергиликтүүдөн трансчек аралык) аварияларга жана табигый кырсыктарга алып келген өзгөчө кырдаалдар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндөЗакон · 25.01.1999 · № 12