# Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 "Гавриловка мектеп-комплексин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 "Гавриловка мектеп-комплексин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34951/edition/20675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 35 "Гавриловка мектеп-комплексин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө" токтому (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017503

---

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVIII чакырылыштын 25 (кезектүү) сессиясы 2024-жылдын 13-сентябры №35 Гавриловка мектеп-комплексин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылынын 11-ноябрындагы №531 “Объекттерди жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчигине өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде жана Гавриловка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштын 25-кезектүү сессиясынын протоколуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гавриловка айылында жайгашкан Гавриловка мектеп-комплекси муниципалдык менчике кабыл алынсын жана тиешелүү болгон аянты 18060 м2 жер тилкеси муниципалдык менчике бекитилсин

2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, жайыт маселелери жана ички чарбалык ирригациялык системалары боюнча адиси муниципалдык менчикке каттоо боюнча жана ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын Гавриловка айыл өкмөттүн башчысына М.Ш.Урматовко жүктөлсүн.

Төрага

А.Т. Ибраимов
