Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-ноябры № 714-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) иш-чаралар планынын бюджети 2-тиркемеге ылайык;
3) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын каржылоо булактарын тартуу боюнча иш-чаралар планы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын каржылоо булактарын тартуу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун;
2) бир айлык мөөнөттө мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар
Күтүлүүчү натыйжа
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булактары
1. Турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү
1
Мамлекеттик турак жай программасын каржылоону камсыз кылуу
Артыкчылыктарды жана муктаждыктарды эске алуу менен турак жай программасына бюджеттик каражаттарды жыл сайын бөлүштүрүү
"Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын чогуу каржылоо 100 млрд. сомдон кем эмести түзөт
2025-ж. - 20 млрд. сом; 2026-ж. - 20 млрд. сом; 2027-ж. - 15 млрд. сом; 2028-ж. - 15 млрд. сом; 2029-ж. - 15 млрд. сом; 2030-ж. - 15 млрд. сом
КРП ИБ, МИК, ФМ (макулдашуу боюнча), ТИМ, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
2
МИКтин уставдык капиталын компаниянын активдеринин жалпы көлөмүнүн 10%ынан кем эмес деңгээлде кармап турууну камсыз кылуу
МИКтин уставдык капиталын компаниянын активдеринин жалпы көлөмүнүн 10%ынан кем эмес деңгээлде кармап туруу
МИКтин финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана финансылык тобокелдиктерди азайтуу аркылуу инвесторлордун ишенимин бекемдөө
2025-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК, ФМ, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
МИКтин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
2. Турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү
3
Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай куруу үчүн жер участокторун МИКке өткөрүп берүү
Мамлекеттик турак жай программасынын талаптарына ылайык турак жай куруу үчүн жер участокторун МИКке өткөрүп берүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу
Республика боюнча аянты 2 млн. кв.м кем эмес турак жай куруу
2025-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК, ЭКМ, ММБМА, Жер агенттиги, аткаруу бийлик органдары жана ЖӨБО
МИКтин, республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
4
Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн турак жай программасынын алкагында турак жай курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү
Жаңы турак жай объекттерин түзүүгө жана учурдагы шарттарды жакшыртууга багытталган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай курулуш долбоорлорун ишке киргизүү жана ишке ашыруу
40 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу
2025-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК, ФМ, ЭКМ
МИКтин, республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
5
Өлкөнүн калкынын турак жай менен камсыз болушуна талдоо жүргүзүү
Өлкөнүн калкынын турак жай менен камсыздалышынын учурдагы деңгээли жөнүндө маалыматтарды чогултуу
Өлкөнүн калкынын турак жай менен камсыз болушу жөнүндө ар жылдык отчет
2025-2030-жылдар
Улутстатком (макулдашуу боюнча)
Бекитилген республикалык бюджеттин алкагында
3. Каржылоо булактарын тартуунун көлөмүн көбөйтүү
6
Мамлекеттик турак жай программасын колдоого эл аралык донорлордон гранттарды жана субсидияларды тартуу үчүн эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташуу
Мамлекеттик турак жай программасын колдоого эл аралык донорлордон инвестицияларды, гранттарды жана субсидияларды тартуу жана башкаруу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Эл аралык донорлордон алынган инвестициялар, гранттар/субсидиялар
2025-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК, ФМ, ТИМ, ЭКМ
Эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
7
Түз сатуу жана үлүштүк куруу механизмдери аркылуу мамлекеттик турак жай программасын каржылоонун кошумча булактарын камсыз кылуу
Кошумча финансылык ресурстарды тартууда түз сатуу жана үлүштүк куруу механизмдеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү
Мамлекеттик турак жай программасын каржылоонун кошумча булактарын түз сатуу жана үлүштүк куруу аркылуу тартуу, бул калк үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат
2025-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча)
Жеке инвестициялар (жарандардын каражаттары)
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү
8
Заманбап санариптик технологияларды эске алуу менен мамлекеттик турак жай программасына жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн МИКтин электрондук порталын өркүндөтүү
Маалымат чогултууну жана иштеп чыгууну жакшыртуу үчүн МИКтин электрондук порталынын функционалын модернизациялоо жана жаңылоо
МИКтин электрондук порталы аркылуу маалымат чогултуу жана иштеп чыгуу функционалын кеңейтүү, бул мамлекеттик турак жай программасынын жеткиликтүүлүгүнө өбөлгө түзөт
2025-2026-жылдар
КРП ИБ, МИК, ФМ
МИКтин, эл аралык донорлордун каражаттары
9
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун электрондук системасы менен интеграциялоо
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун электрондук системасына кошулуу үчүн интеграциялык чечимди иштеп чыгуу жана киргизүү
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо процесстерин автоматташтырууну киргизүү, өтүнмөлөрдү иштеп чыгуу убактысын кыскартуу
2025-2026-жылдар
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча), ФМ, Жер агенттиги
МИКтин, ФМнын, эл аралык донорлордун каражаттары
Кыскартуулардын тизмеси:
Жер агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик
МИК
-
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому
КР МК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
МЭК
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
Улутстатком
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРП ИБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы
3-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын каржылоо булактарын тартуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар
Күтүлүүчү натыйжа
Мөөнөтү
Жооптуулар
1
Кошумча каржылоо булактарын талдоо жана тартуу
Программаны учурдагы каржылоо булактарын жана керектөөлөрүн баалоо
Керектөөлөргө жараша конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу
2024-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК
2
Жаңы каржылоо булактарын тартуу үчүн презентациялык материалдарды түзүү
Максаттарды, натыйжаларды чагылдырган презентациялык материалдарды даярдоо
Ар кандай платформаларда жана иш-чараларда пайдаланууга даяр ар кандай форматтагы презентациялык материалдардын толук топтому
2024-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК
3
Мамлекеттик турак жай программасын колдоо үчүн эл аралык донорлордон гранттарды жана субсидияларды алуу максатында эл аралык финансы уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүү
Кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн эл аралык финансы уюмдарынын жана донорлордун өкүлдөрү менен жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана презентацияларды өткөрүү
Келечектеги долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруу максатында программаны узак мөөнөттүү туруктуу каржылоону камсыз кылуу
2024-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК ТИМ, ФМ (макулдашуу боюнча)
4
Ар кандай финансылык инструменттерди (акцияларды, облигацияларды, ислам жана "жашыл" баалуу кагаздарды ж.б.) пайдалануу менен эл аралык донорлордун, жеке инвесторлордун жана фондулук рыноктун каражаттары аркылуу мамлекеттик турак жай программасын каржылоону тартуу
Эл аралык донордук уюмдар, жеке инвестициялар жана фондулук рынок аркылуу каржылоону тартуу
Программаны каржылоонун көлөмүн көбөйтүү, каражат булактарын кеңейтүү жана турак жай долбоорлорун туруктуу каржылоону камсыз кылуу
2024-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК, ТИМ, ФМ (макулдашуу боюнча)
5
Турак жайды түз сатуу жана үлүштүк куруу методу менен турак жайдын бир бөлүгүн ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик турак жай программасын кошумча каржылоо булактарын тартуу
Түз сатуу жана үлүштүк куруу механизмдерин киргизүү жана өнүктүрүү
Мамлекеттик турак жай программасын каржылоо көлөмүн көбөйтүү, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу
2024-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК
4-тиркеме
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№
Милдеттер
Чаралар
Индикаторлор
Күтүлүүчү натыйжалар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Каржылоо булактары
Жооптуу аткаруучулар
1. Турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү
1
Турак жайды каржылоо
Жеңилдетилген ипотека (жылдык 4%)
Берилген кредиттердин саны
40 миң үй-бүлө турак жай менен камсыз болду
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, Турукташтыруу фондунун, донордук уюмдардын каражаттарынын жана жарандардын жеке инвестицияларын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуунун алкагында
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча)
Социалдык ипотека (жылдык 4%)
Берилген кредиттердин саны
Жеткиликтүү ипотека (жылдык 8%)
Берилген кредиттердин саны
Үлүштүк курулуш (жылдык 8%)
Берилген кредиттердин саны
2
"Каржылоонун ислам принциптери" жана финансылык лизингди колдонуу менен механизмди киргизүү
Исламдык каржылоо жана финансылык лизинг продуктуларын түзүү жана илгерилетүү
Түзүлгөн исламдык каржылоо жана финансылык лизинг продуктуларынын саны
Ислам принциптерин сактаган жарандар үчүн турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, Турукташтыруу фондунун, донордук уюмдардын каражаттарынын жана жарандардын жеке инвестицияларын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуунун алкагында
КРП ИБ, МИК, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
3
"Болгон турак жайды кеңейтүү" механизмин киргизүү
Турак жайды кеңейтүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу, бекитүү жана киргизүү
Алмашуу аркылуу жашоо шартын жакшырткан үй-бүлөлөрдүн саны
Колдонуудагы турак жай фондун пайдаланууну оптималдаштыруунун эсебинен жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, Турукташтыруу фондунун, донордук уюмдардын каражаттарынын жана жарандардын жеке инвестицияларын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуунун алкагында
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча)
4
"Турак жайды капиталдык оңдоо" механизмин киргизүү
Турак жайды субсидиялоо жана реконструкциялоо жөнүндө жобону иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу
Турак жайды оңдоого жана реконструкциялоого берилген субсидиялардын саны
Колдоого муктаж белгилүү сандагы үй-бүлөлөр үчүн турак жай шарттарын жакшыртуу
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, Турукташтыруу фондунун, донордук уюмдардын каражаттарынын жана жарандардын жеке инвестицияларын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуунун алкагында
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча)
5
Баштапкы төгүмдү төлөө жана учурдагы ипотеканы төлөө үчүн жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүн пайдалануу менен механизмди колдонуу
Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар адамдарга ипотекалык кредитти төлөө үчүн төлөм
Баштапкы төгүмдү төлөө жана учурдагы ипотеканы жабуу үчүн жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүн колдонгон жарандардын саны
Өздүк топтолгон каражаттарды пайдалануунун эсебинен жарандардын карыз жүгүн азайтуу
2024-2030-жылдар
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынын алкагында
КРП ИБ, МИК, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
6
Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын карыз жүгүн азайтуу максатында Мамлекеттик ипотекалык кредиттерди "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" моделине трансформациялоо механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү
Банк системасы аркылуу берилген колдонуудагы ипотекалык кредиттерге талдоо жүргүзүү, "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" моделине трансформациялоо үчүн алардын потенциалын баалоо. Трансформациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү
Кийин сатып алуу менен ижарага которулган ипотекалык кредиттердин саны
Кийин сатып алуу менен ижаранын жеткиликтүү шарттарына өтүү аркылуу жарандардын карыз жүгүн азайтуу
КРП ИБ, МИК финансы мекемелери
Зайымчыларга ипотекалык зайымчылардын статусунан кийин сатып алуу укугу менен ижарачыларга өтүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
Кайра түзүү үчүн талап кылынуучу убакыт жана башка ресурстар
Ашыкча карыз жүгү жок турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнүн эсебинен жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу
Акырындап өтүүнү камсыз кылуу жана ижара жана сатып алуу шарттарын аныктоо үчүн банктар жана башка финансы институттары менен кызматташуу
Ийгиликтүү кайра түзүүнүн пайызы
Мамлекеттик турак жайды колдоо программаларына жана финансылык институттарга ишеним деңгээлин жогорулатуу
7
Капиталды тартуу жана туруктуу каржылоону камсыз кылуу үчүн фондулук рыноктун ар кандай финансылык инструменттерин колдонуу
Финансылык инструменттердин эмиссиясы
Чыгарылган акциялардын жана облигациялардын саны
Мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу үчүн тартылган капиталдын көлөмүн көбөйтүү
2024-2030-жылдар
МИКтин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун, республикалык бюджеттин каражаттары
КРП ИБ, МИК, ФМ, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
2. Турак-жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү
8
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 Жарлыгынын алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулуш үчүн жер участокторун МИКке өткөрүп беришет
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесинин алкагында турак жай курууга жарактуулугун аныктоо максатында өткөрүлүп берилүүчү жер участокторуна инвентаризация жүргүзүү жана баалоо
Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан МИКтин менчигине өткөрүлүп берилген жер участокторунун саны. Өткөрүлүп берилген жер участокторунун жалпы аянты
Көлөмү 2 миллион кв.м кем эмес турак жай куруу
2024-2030-жылдар
МИКтин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун, республикалык бюджеттин, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары, баалуу кагаздар
МИК (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КРП ИБ
9
Турак жай фондунун инвестициялык жагымдуулугун жана экологиялык туруктуулугун жогорулатуу үчүн "Жашыл ипотека" механизмин киргизүү
КР турак жай фондунун экологиялык туруктуулугун аныктоо үчүн мамлекеттик органдар менен кызматташуу
Турак жай секторунда экологиялык демилгелерди биргелешип өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн МИК менен мамлекеттик органдардын ортосунда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү орнотуу
Мамлекеттик деңгээлде турак жайлардын экологиялык туруктуулугунун макулдашылган критерийлерин иштеп чыгуу жана бекитүү
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, Стабилдештирүү фондунун, донордук уюмдардын каражаттарынын жана жарандардын жеке инвестицияларын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуунун алкагында
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча)
Экологиялык долбоорлорго кызыкдар эл аралык инвесторлорду жана донорлорду тартуу
"Жашыл" ипотеканын алкагында тартылган инвестициялардын жалпы суммасы
Турак жай фондунун сапатын жана экологиялык туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү экологиялык туруктуу долбоорлорду ишке ашыруу
10
Ири шаарлардын сырткы көрүнүшүн модернизациялоонун алкагында эски турак жайларды реконструкциялоо жана алмаштыруу программасын түзүү
Программаны иштеп чыгуу жана бекитүү
Программанын натыйжасында жашоо шартын жакшырткан жарандардын жалпы саны
Жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, бул экономикалык, социалдык жана экологиялык өнүгүүгө өбөлгө түзүп, шаарлардын туруктуу өсүшүнө жана гүлдөп өнүгүшүнө шарт түзөт
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, стабилдештирүү фондунун, донордук уюмдардын каражаттарынын жана жарандардын жеке инвестицияларын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуунун алкагында
КР ПИБ, МИК, ЖРКГК, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча)
3. Каржылоо булактарын тартуунун көлөмүн көбөйтүү
11
Программаны республикалык бюджеттен, эл аралык донорлордон, жеке инвесторлордон (ички жана чет өлкөлүк) каражаттарды, ошондой эле финансылык инструменттердин ар кандай түрлөрү (акциялар, облигациялар, ислам жана "жашыл" баалуу кагаздар жана башкалар) аркылуу фондулук рыноктун каражаттарын тартуунун эсебинен каржылоону камсыз кылуу
Ар түрдүү каржылоо булактары боюнча каражаттарды бөлүштүрүү
Республикалык бюджеттин эсебинен түшкөн каражаттардын суммасы
Каржылоонун бардык булактарынан алынган каражаттардын жалпы суммасы - 100 млрд. сом
2024-2030-жылдар
Республикалык бюджеттин, Турукташтыруу фондунун, эл аралык донордук уюмдардын каражаттарынын, жеке инвестициялардын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, баалуу кагаздардын алкагында
КРП ИБ, МИК, ФМ, ТИМ, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
Турукташтыруу фондунун эсебинен түшкөн каражаттардын суммасы
Эл аралык донорлордун эсебинен түшкөн каражаттардын суммасы
Жеке инвесторлордун тартылган каражаттарынын суммасы
12
Мамлекеттик турак жай программасын колдоо үчүн эл аралык донорлордон гранттарды жана субсидияларды алуу максатында эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүү
Кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн эл аралык финансы уюмдарынын жана донорлордун өкүлдөрү менен жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жана презентацияларды өткөрүү
Эл аралык донорлордон алынган гранттардын жана субсидиялардын жалпы саны жана көлөмү
Келечектеги долбоорлорду пландоо жана ишке ашыруу максатында программаны узак мөөнөттүү туруктуу каржылоону камсыз кылуу
2024-2030-жылдар
Эл аралык донорлордун каражаттары
КРП ИБ, МИК, ФМ, ТИМ, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
13
Ачык конкурс өткөрүү жолу менен МИКтин жеке өнөктөштөрү (инвесторлору) менен инвестициялык макулдашуу түзүү аркылуу мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу үчүн жеке сектордун инвестицияларын тартуу
Ачык конкурска катыша турган потенциалдуу инвесторлорго критерийлерди жана талаптарды иштеп чыгуу
Тартылган каражаттардын көлөмү
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасын өнүктүрүү
2024-2030-жылдар
Инвестициялык макулдашуулардын алкагында тартылган каражаттар
КРП ИБ, МИК, ФМ, ЭКМ (макулдашуу боюнча)
Инвестициялык макулдашуулардын алкагында курулган турак жайлардын саны
14
Турак жайды түз сатуу методу жана үлүштүк куруу механизми аркылуу турак жай фондунун бөлүгүн ишке ашыруу менен мамлекеттик турак жай программасын каржылоонун кошумча булактарын тартуу, ошону менен бирге берилүүчү турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу
Рынок шарттарына жана сунушталган объекттердин баалуулуктарына жараша турак жайга атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды бекитүү
Үлүштүк курулуш механизми жана түз сатуу методу аркылуу тартылган каражаттардын жалпы суммасы
Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулушту каржылоо көлөмүн көбөйтүү
2024-2030-жылдар
МИКтин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
КРП ИБ, МИК
Мамлекеттик бюджетке жүктү азайтуу, бул программанын туруктуулугун жогорулатат
Үлүштүк курулуш механизми жана түз сатуу методу аркылуу сатылган турак жайдын саны
Жарандар үчүн турак жай сатып алуунун жеткиликтүү механизмдери аркылуу турак жай шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү
15
Программага катышууга жеткиликтүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу, жарандардын кыйыр чыгымдарын кыскартуу жана турак жайды каржылоо процесстеринде адам факторун минималдаштыруу максатында, санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү заманбап тенденцияларды эске алуу менен "Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын" (МИК) электрондук порталын өркүндөтүү
Колдонуучулар туш болгон алсыз жерлерди жана көйгөйлөрдү аныктоо үчүн МИКтин порталынын учурдагы функционалдуулугуна аудит жүргүзүү
Портал аркылуу ипотекага өтүнмөлөлөрдү берүү жана иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон убакытты кыскартуу
Портал менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдеткен ыңгайлуу жана түшүнүктүү интерфейсти түзүү
2024-2030-жылдар
МИКтин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
КРП ИБ, МИК
Колдонуучунун тажрыйбасын жакшыртуу жана процесстерди автоматташтыруу үчүн порталды мамлекеттик органдардын башка интернетресурстары менен интеграциялоо
Өтүнмөнү иштеп чыгуу ылдамдыгы
Процессти автоматташтыруунун жана порталдын жакшы иштешинин натыйжасында программаны тариздөөгө жана өз ара аракеттенүүгө кеткен убактылуу чыгымдарды азайтуу
Шифрлөөнү, көп факторлуу аутентификацияны жана башка коопсуздук технологияларын колдонуу аркылуу колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу максатында заманбап коопсуздук чараларын ишке киргизүү
Аудитти жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана алардын натыйжалары
Колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоо деңгээлин жогорулатуу, коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу
Тез кирүү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу үчүн навигациянын түзүмүн жөнөкөйлөтүү максатында интерфейсти жана колдонуучунун тажрыйбасын жакшыртуу
Портал аркылуу жарандарды тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу деңгээли
Маалыматты алуу жана субъективдүү таасирди минималдаштыруу аркылуу продесстердин ачык-айкындуулугун жана жарандардын программага болгон ишенимин жогорулатуу
Топтолгон маалыматтын жана жаңы технологиялардын негизинде порталды үзгүлтүксүз жаңыртуу жана өркүндөтүү
Жакшыртылган функционалдуулуктун натыйжасында колдоо үчүн кайрылуулардын санынын азайышы
Пландоо мүмкүнчүлүгү жана жаңы өзгөрүүлөргө тез адаптациялоо
16
Жарандар үчүн укуктарды тариздөө процессин жөнөкөйлөтүү, тездетүү жана анын ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасын ишке киргизүү жана пайдалануу
Кадастр кызматынын электрондук каттоо системасын интеграциялоо
Салттуу методдорго салыштырмалуу электрондук система аркылуу катталган кыймылсыз мүлк объекттеринин үлүшүн көбөйтүү
Жол-жоболорду автоматташтыруунун жана жөнөкөйлөтүүнүн натыйжасында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо үчүн зарыл болгон убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартуу
2024-2030-жылдар
МИКтин, эл аралык донорлордун жана инвесторлордун каражаттары
КРП ИБ, МИК, СӨМ, Жер агенттиги (макулдашуу боюнча)
5. Мыйзам чыгаруу аспектилери
17
Баалуу кагаздар рыногу, мамлекеттик ипотекалык кредит берүү, инвестицияларды тартуу, курулуш сектору (эски турак жайды реконструкциялоо же алмаштыруу), турак жайды каржылоону өнүктүрүү жана мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак үйдү куруу үчүн салыктык жана башка преференцияларды берүү чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын оптималдаштыруу
Колдонуудагы ченемдик актыларга түзөтүүлөрдү даярдоо, аларды талкуулоо жана белгиленген тартипте кабыл алуу
Баалуу кагаздар рыногу, ипотекалык кредит берүү, инвестицияларды тартуу жана курулуш чөйрөлөрүндөгү жөнөкөйлөштүрүлгөн жана оптималдаштырылган жол-жоболордун саны
Мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү жана жакшыртуу, бул турак жай курулушунун көлөмдөрүн көбөйтүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт
2024-2030-жылдар
КРП ИБ, МИК (макулдашуу боюнча)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз…Указ · 30.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.07.2024 · № 191