Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 „Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-ноябры № 660
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кечиктирбестен аткарууну талап кылган мамлекеттик маанидеги сатып алууларды өз убагында жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун тиркелген типтүү тартибинде:
- 57-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) мамлекеттик ишкананын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин белгилүү бир чечими менен аныкталуучу жеткирүүчүдөн бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык…Постановление · 10.06.2022 · № 301
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122