# Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 "Большевик айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 "Большевик айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34904/edition/20608/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 "Большевик айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө" токтому (21.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017440

---

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясы 2024-жылдын 21-июну № 46 Большевик айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Б.К.Саркуловдун Сретенка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 9-августундагы “Большевик, Заря айылдарынын аталышын Эсен-Аман айылына өзгөртүү жөнүндө” № 100 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Айылдык кеңеш токтом кылат :

1. Сретенка айылдык кеңешинин “2023-жылдын 9-августундагы “Большевик, Заря айылдарынын аталышын Эсен-Аман айылына өзгөртүү жөнүндө” № 100 токтому күчүндө калтырылсын, тагыраак:

– “Большевик айылынын аталышы “Эсен-Аман айылы” аталышына өзгөртүлсүн.

– “Заря” айылынын аталышы өзгөрүүсүз калтырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.

Төрага

Б.К.Саркулов
