# Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/4
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34888/edition/20589/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/4 "Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому (10.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017420

---

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 19/4

Айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде айрым бала бакчаларга кошумча тайпаларды ачуу тууралуу депутат Н.Усупбаеванын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №229-т тескемесинин негизинде Ормон-Хан айыл аймагынын Э.Жунушалиева бала бакчасына 1 тайпа, Мээрим-Нур бала бакчасына 1 тайпа, АТА бала бакчасына 1 тайпа, Сакин-Апа бала бакчасына 2 тайпа, Алтын Балалык бала бакчасына 2 тайпа, Барчын Уя бала бакчасына 2 тайпа, Асел бала бакчасына 2 тайпа, Ийгилик-9 бала бакчасына 1 тайпа ачууга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, маданият, спорт, жаштар иштери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу
