# Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/3 "Тарифтерди бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/3 "Тарифтерди бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/3
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34886/edition/20586/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 19/3 "Тарифтерди бекитүү жөнүндө" Токтому (10.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017417

---

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 19/3

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтому менен бекитилген талаптар туралуу Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Борборлоштурулган ичүчүү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 19-июнундагы №320 Токтомунун негизинде аныкталган тиешелүү тарифтер бекитилсин.

2. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Сагынбек уулу
