# А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 31-2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/169 катынын талаптарынын аткарууга алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 31-2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/169 катынын талаптарынын аткарууга алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31-2
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34849/edition/20543/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 31-2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/169 катынын талаптарынын аткарууга алуу жөнүндө" токтому (28.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017366

---

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезексиз XXXI сессиясынын

2020-жылдын 23-марты № 31-2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын негизинде жана Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/169 катынын талаптарынын аткарууга алуу жөнүндө

(А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы № 37-4 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы №114 Мыйзамы менен ратификацияланган (Борбордук Азия- Түштүк Азия багытында электр энергиясын берүү жана сатуу (CASA 1000) долбоорунун кыргыз бөлүгү)-нүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын ишке ашыруу жана «Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/179 катынын талаптарынын негизинде, аталган долбоордун алкагында биздин А.Мирмиахмудов атындагы айыл аймагынын админстративдик аймагы аркалуу (негизинен айыл аймагынын кайрак жерлери болуп эсептелген «Ит-өлдү» адыр зонасы жана Капчыгай айылы аркалуу «CASA 1000» добоорунун Кыргыз бөлүгүнө кирген «Датка-Сугд» ЖЧ 500кВ электр линиясы өтөрү долбоордоштурулгон. Жогорудагы электр линиясынын А.Мирмахмудов айыл аймагы аркалуу өтүүчү 4903,85 м. аралыкта 12 электр мамычасы (опорасы) орнотулары долборлоштурулган. КРӨ-нүн 20.02.2020. № 105 токтомунун талаптарын аткаруу үчүн Мирмахмудов айылдык кеңештин кезексиз сессиясы Токтом кылат

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы №114 Мыйзамы менен ратификацияланган (Борбордук Азия- Түштүк Азия багытында электр энергиясын берүү жана сатуу (CASA 1000) долбоорунун кыргыз бөлүгү)-нүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын ишке ашыруу жана «Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/179 катынын талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»-нин 11гл. 68-беренесинин 1-пункутунун, 70-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA 1000 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» №105 токтомунун талаптарынын жана «Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/179 катынын талаптарынын негизинде А.Мирмахмудов айыл аймагынын админстративдик чек арасында жайгашкан, «CASA 1000» долбоорун алкагында айыл аймагынын админстративдик аймагынан өтүүчү электр линиясынын 12 (он эки) даана электропорасынын орнотулушу көздөлгөн бардыгы болуп 4375 м2.- анын ичинен 361 м2-сугат айдоо, кайрак айдоо-1161 м2, жайыт-2529 м2. Жер аянттарынын категориялары айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр-жай транспорт,байланыш жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

3. Жогорудагы А.Мирмахмудов айыл аймагы аркалуу өтүүчү электр линиясынын трасса бойлоп орнотулган элктроопоралардын ээлеген жер аянтынын которуу боюнча компенсацияларды жер ээлерине төлөп берүү жагы (жайыт жерде жайгашкан 2529 м2. аянттан тышкары жерлерди) жогорку органдарга сунушталсын.

4. А.Мирмахмудов айыл аймагынын админстративдик аймагы бойлоп 4903,85 м. аралыкта өтүүчү электролиниясынын тейлоо үчүн Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 55-56-беренелеринин талаптарынын негизинде элктролиниянын ортосунан эки тарабына 85 м. аралыкта узундугу 4903,85 м. аралыкта, бардыгы болуп 41,68 га.аянтта мажбурланган сервитут киргизилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

А.Мирмахмудов айылдык

кеңешинин төрагасы:

И.Исмоилов
