# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 34 "Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 34 "Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34831/edition/20520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 34 "Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017343

---

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 12 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 13-сентябры № 34 Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 451-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-августундагы номур 01-5 / 1152 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Балта шаардык кенешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04"Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" төмөнкүдөй баяндалсын:

Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы -Комиссиянын төрагасы - Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;

- Комиссиянын катчысы - Кара-Балта шаарынын мэриясынын коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү маселелери боюнча адиси;

Комиссиянын мүчөлөрү

- Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары (ар бир фракциядан бирден);

- Кара-Балта шаарынын мэриясынын ЖК жана ӨК боюнча адиси

- Кара-Балта шаарынын мэриясына каращтуу МС жана ММБ муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси-юрист.

2. Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2023-жылынын 4-августундагы №04 "Кара-Балта шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссиясынын Жобосун, сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелинсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жиберилсин

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Регламент, этика жана укук маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М. Р. Джекшеновго жүктөлсүн.

Таркатылсын: Кара-Балта шаарынын мэриясына, комиссияларга, Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
