# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-августунун № 27 "Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-августунун № 27 "Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34785/edition/20467/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 27-августунун № 27 "Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (23.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017285

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 27-августу № 27 Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автомобиль транспортун уюштуруу эрежелеринин 3-главасынын, 7-параграфынын 166-пунктуна ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 10.07.2024 № 01-5/930 катынын негизинде, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып бекитилсин:

- шаар ичиндеги каттамдарда кичи автобус менен бир жүргүнчүнү ташуу тарифи – 20 сом.

- микроавтобустар менен шаар ичиндеги каттамдарда ташуу үчүн кол жүгү (жүк) тарифи салмагы 40 килограммдан ашык же көлөмү 50см\*60см\*100см – 5 сом.

2. Жарандардын төмөнкү категориялары үчүн коомдук транспортто 15 сомдон жеңилдетилген жол кире акы укугу белгиленсин:

- жашы боюнча пенсионерлер;

-жалпы оорудан жана өндүрүштүк мертинүүдөн I, II, III топтогу майыптар;

- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;

-1-класстан 4-класска чейинки окуучулар (мектеп окуучулары). Жалпы пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто жеңилдетилген жол жүрүүгө негиз болуп жеңилдетилген жол жүрүүгө укугу бар жарандардын категорияларына киргендигин ырастаган жана жеке жөлөкпул картасы болгондо белгиленген формадагы документтер саналат.

3. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 жана 2021-жылдын 23-ноябрындагы №2 шаар ичиндеги каттамдарга тарифтерди белгилөө жөнүндө токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтоммассалык маалыматкаражаттарына жарыялансын.

5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестиция, өнөр жай, транспорт, ишкердик, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта мэриясына, жүргүнчү ташуу мекемесине, ММКга, Кыргыз Республикасынын Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
