# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 709-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "ЛВ ЗИЮАН" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл аймагына кубаттуулугу 2,5 ГВт фотоэлектр станциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 709-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "ЛВ ЗИЮАН" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл аймагына кубаттуулугу 2,5 ГВт фотоэлектр станциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 709-р
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19363/edition/20453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 709-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "ЛВ ЗИЮАН" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл аймагына кубаттуулугу 2,5 ГВт фотоэлектр станциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси (16.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017267

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси 2024-жылдын 4-ноябры № 709-т

Кыргыз Республикасында генерациялоочу кубаттуулукту жогорулатуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-статьясына, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "ЛВ ЗИЮАН" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл аймагына кубаттуулугу 2,5 ГВт фотоэлектр станциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
