# Кыргызской Республики 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргызской Республики 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10745/edition/20377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызской Республики 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (11.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017183

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 11-ноябры № 176 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230017183/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумушка, ошондой эле бир жолку жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынган кызматкерлердин пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө төмөнкүлөр бошотулат:

1) Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мөөнөтсүз;

2) Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Креативдүү индустриялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 15 жылдын аралыгында.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230017183/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 987-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин экинчи абзацында ", Жогорку технологиялар паркы түзүлгөн учурдан баштап 15 жыл аралыгында колдонулуучу" деген сөздөр алып салынсын;

2) 5-беренеде:

а) биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацында "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ЖТПнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан өзүнүн курамынын ичинен шайланат.";

в) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230017183/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 88 (3642) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 2-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
