# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 315
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10744/edition/20339/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы ПЖ № 315 "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017144

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 4-ноябры ПЖ № 315 Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө Улуттук авиациялык системаны чыңдоо, ошондой эле анын ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечимине чейин эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана учууларды аткарган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропортторунда 1 (бир) айдан ашык базаланбаган аба кемелери (самолеттору/вертолеттору) бар авиакомпаниялардын ишин текшерсин;

2) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбеген авиакомпаниялардын эксплуатантынын каттоосун жана сертификатын жокко чыгарсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 87 (3641) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
