Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 315 «Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 4-ноябры ПЖ № 315 Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө Улуттук авиациялык системаны чыңдоо, ошондой эле анын ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечимине чейин эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана учууларды аткарган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропортторунда 1 (бир) айдан ашык базаланбаган аба кемелери (самолеттору/вертолеттору) бар авиакомпаниялардын ишин текшерсин;
2) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбеген авиакомпаниялардын эксплуатантынын каттоосун жана сертификатын жокко чыгарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 87 (3641) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын аба кемесинин…Приказ · 10.12.2025 · № 11
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 08 «О внесении изменений в «Руководство по выдаче…Приказ · 14.11.2025 · № 08
- "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол коюлдуУказ · 04.11.2024
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021