# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябры № 667 "Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябры № 667 "Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 667
- Кабыл алынган күнү: 05.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34669/edition/20337/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябры № 667 "Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (05.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017143

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 5-ноябры № 667

Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынан тышкары ташып чыгуунун жана донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
