# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-октябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-октябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5421/edition/20312/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-октябрындагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017117

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 31-октябры № 172 Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230017117/st-1)

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 871-берене менен толукталсын:

"871-берене. Жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу

"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо - жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 2741-берене менен толукталсын:

"2741-берене. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдалануунун коопсуздук талаптарын бузуу

"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо - жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230017117/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 86 (3640) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 2-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
