Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жарнамасына жол берилбеген оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 5-ноябры № 711-т
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жарнамасына жол берилбеген оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Тиркеме
Жарнамасына жол берилбеген оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕГИ
1. Адамдын ишенимин кыянаттык менен пайдаланууга багытталган, ар кандай методдорду колдонуу аркылуу сыйкырдуу таасир этүү жолу менен көрсөтүлүүчү кызматтар.
2. Оккульттук методикаларды, амулеттерди, тумарларды, ырым-жырымдарды, дубалоону, экстрасенсориканы колдонуу менен акылга сыйбаган же сыйкырдуу деп эсептелген методдордун жардамы менен төлгө ачуу, көзү ачыктык, келечекти болжолдоо же мүнөздү аныктоо кызмат көрсөтүүлөрү.
3. Көз байлоочулук, башын айландыруу, каргыш, дубалоо, көз тийүү, окутуу, ийгиликке, финансыга жол ачуу, көз карандылыктан арылтуу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү.
4. Адам менен башка дүйнөнүн ортосундагы ортомчулук кызмат көрсөтүүлөрү (спиритизм жана шаманизм).
5. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелбеген, альтернативдүү методдор менен айыктыруу, бакшылык, дарылоо кызмат көрсөтүүлөрү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.