Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам - алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам - ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп каржылоо) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 30-октябры № 2486-VII "2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам - алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам - ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 10-июнундагы чыг. № 18-5175) "2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо" долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам - алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам - ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп каржылоо) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
Н.Т. Шакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.