# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 664 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 664 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 664
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34637/edition/20267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230017072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 664 "Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому (01.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017072

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 1-ноябры № 664

Товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө

"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, 2024-жылдын 1-февралында кол коюлган "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча инвестициялык макулдашуунун төмөнкү катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарлар товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин:

1) "SPEC ENGINEERING INC" компаниясы жана/же Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналган анын туунду же аффилирленген компаниясы;

2) "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому;

3) "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
