Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 243 Жарлыгына) 14-тиркеме
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 28 марта 2022 года УП № 93 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-28.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
14-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасында ырайым кылууну жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишинде Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара байланышта жүргүзөт.
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
4. Катчылыктын негизги милдети болуп ырайым кылуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу саналат.
5. Негизги милдетке ылайык катчылыкка төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын (мындан ары - Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия) ишин уюштуруу жана тейлөө;
2) ырайым кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, мекемелерге консультациялык жана башка жардам берүү;
3) Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия өткөргөн жыйналыштарга материалдарды алдын-ала даярдоо;
4) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;
5) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын өз убагында аткарылышын контролдоо;
6) ырайым кылуу маселелери боюнча жарандардын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин каттарын, өтүнүчтөрүн жана арыздарын кароо;
7) ырайым кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
6. Жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, тийиштүү мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл материалдарды жана маалыматтарды суратууга жана алууга, ошондой эле айрым маселелердин аныктыгын тактоо максатында тапшырмаларды берүүгө;
2) белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген ырайым кылуу жөнүндө материалдарды жеткире иштеп чыгуу үчүн Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тийиштүү мамлекеттик органдарга кайра кайтарууга;
3) катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышууга;
4) катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келип түшкөн ырайым кылуу жөнүндө материалдарды тариздөөдө табылган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча катчылыктын көрсөтмөлөрү Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, жарандар жана тийиштүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Катчылыктын жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Жооптуу катчы катчылыкка жалпы жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Жооптуу катчы Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын төрагасы, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен мамилелерде катчылыктын атынан иш алып барат.
10. Эксперт жооптуу катчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Катчылыктын кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этика кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
12. Жооптуу катчы:
1) катчылыктын ишин пландаштырат жана уюштурат;
2) ырайым кылуу маселелери боюнча Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер менен катчылыктын байланышын ишке ашырат;
3) катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) катчылыктагы эмгек тартибин жана иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;
6) Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жыйналыштарын уюштурууну камсыз кылат;
7) Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын өткөрүлгөн жыйналыштарынын жыйынтыгы жөнүндө алар боюнча өзгөчө пикирин берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Президентине билдирет;
8) катчылыктын компетенциясына киргизилген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
13. Эксперт:
1) ырайым кылуу жөнүндө материалдарды түзүү, экспертизалоо, айрым маалыматтардын жана документтердин тактыгын текшерүү боюнча иштерди жүргүзөт;
2) Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды уюштуруучулук жактан камсыз кылууга катышат;
3) Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды алдын-ала даярдоого катышат;
4) ырайым кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди даярдоого катышат;
5) катчылыктын иш кагаздарын жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.03.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.12.2018 · № 243 · Күчүн жоготкон