Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 243 Жарлыгына) 12-тиркеме
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 28 марта 2022 года УП № 93 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-28.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
12-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишинде Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара байланышта жүргүзөт.
2. Катчылыктын милдеттери жана функциялары
4. Катчылыктын негизги милдеттери болуп мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу саналат.
5. Негизги милдеттерге ылайык катчылыкка төмөнкү функциялар жүктөлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
2) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана мекемелерге консультациялык жана башка жардам көрсөтүү;
3) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоо;
4) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын долбоорлорун даярдоо;
5) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын өз убагында аткарылышына контролдук кылуу;
6) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча жарандардын каттарын, кайрылууларын жана арыздарын карап чыгуу;
7) мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3. Катчылыктын ыйгарым укуктары
6. Жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл материалдарды жана маалыматтарды суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тийиштүү мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген сыйпоо материалдарын жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарууга;
3) катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча кат алышууга;
4) катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Комиссиянын дарегине келип түшкөн сыйлоо материалдарын тариздөөдө табылган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча катчылыктын көрсөтмөлөрү Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Катчылыктын жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Жооптуу катчы катчылыкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Жооптуу катчы Комиссиянын төрагасы, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен мамилелерде катчылыктын атынан иш алып барат.
10. Эксперт жооптуу катчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Катчылыктын кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этикасынын кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу сырды сактоого милдеттүү.
12. Жооптуу катчы:
1) катчылыктын ишин пландаштырат жана уюштурат;
2) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселелери боюнча катчылыктын Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар менен байланышын жүзөгө ашырат;
3) катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) катчылыктагы эмгек тартибин жана иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
5) катчылыктын компетенциясына таандык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Эксперт:
1) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды уюштуруу жагынан камсыз кылат;
2) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды даярдоого катышат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат жана даярдоого катышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.03.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.12.2018 · № 243 · Күчүн жоготкон