# Орто айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38/VII–XIV-3 "Жаран Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин арызын кароо боюнча" токтому

- Толук аталышы: Орто айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38/VII–XIV-3 "Жаран Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин арызын кароо боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38/VII–XIV-3
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230017016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34595/edition/20188/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Орто айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38/VII–XIV-3 "Жаран Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин арызын кароо боюнча" токтому (13.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230017016

---

ОРТО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

VII-чакырылыш XIV - сессия 2018-жылдын 13-апрели № 38 / VII – XIV - 3 Жаран Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин арызын кароо боюнча Чүй облусунун, Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын, Жеңиш кварталынын номуру 9 үйүнүн, 14-батиринин тургуну Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин 2018-жылдын 11-апрелиндеги кириш №01-18/16 катталган “Үй-бүлөсүнө тиешелүү 2,8 гектар айдоо кайрак жери, өз учурунда сугат жерден берилип калгандыгына байланыштуу 2,8 гектар сугат жерди үлүшкө жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү” 2011-жылдын 30-июнундагы №228 Мыйзамынын №31 беренесинин 2-пунктунун 1-п.пунктуна таянып жана “Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин ишке ашыруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Орто айылдык кеӊеши

Токтом кылат:

1. Чүй облусунун, Жайыл районунун, Кара-Балта шаарынын, Жеңиш кварталынын номуру 9 үйүнүн, 14-батиринин тургуну Омуралиев Абдулла Эсенкуловичтин 2018-жылдын 11-апрелиндеги кириш №01-18/16 катталган “Үлүш жерлерди жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү” арызы канааттандырылсын.

2. Жарандар: Омуралиев Эсенкулга, Омуралиева Асылга, Жунушалиева Бегимканга, Омуралиев Орозбек Эсенкуловичке, Омуралиев Абдулла Эсенкуловичке, Омуралиев Данияр Эсенкуловичке жана Омуралиев Нурдан Эсенкуловичке 1996-жылдан бери колдонуп жүрүшкөн айыл чарба багытындагы 2,8 гектар, сугат үлүш жер участкасы жеке менчикке бекитилип берилсин.

3. Орто айыл өкмөтү тарабынан жарандар: Омуралиев Эсенкулга, Омуралиева Асылга, Жунушалиева Бегимканга, Омуралиев Орозбек Эсенкуловичке, Омуралиев Абдулла Эсенкуловичке, Омуралиев Данияр Эсенкуловичке жана Омуралиев Нурдан Эсенкуловичке жеке менчикке бекитилип берилген айыл чарба багытындагы 2,8 гектар сугат үлүш жер участкасына тиешелүү чечим чыгарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Орто айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Арыковго жүктөлсүн.

Орто айылдык кеӊешинин төрагасы:

К.Мырзагелдиев
