Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы үчүн кошумча каржылоо» кредиттик жана гранттык макулдашуулардын долбоорлорун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 31-октябры № 699-т Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Расмий тилдерде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы үчүн кошумча каржылоо" кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы үчүн кошумча каржылоо" гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122