Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 243 Жарлыгына) 2-тиркеме
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын (мындан ары - Катчылык) ишинин укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишин уюштуруу принциптерин аныктайт.
2. Катчылык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) ишин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
Катчылык белгиленген үлгүдөгү бланктарга жана эмблемага ээ.
3. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Катчылык өз ишин Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жана башка органдар менен тыгыз өз ара аракеттенип жүргүзөт.
Жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө Катчылык ошондой эле коомдук бирикмелер, жарандык коомдун башка институттары жана жарандар менен өз ара аракеттенет.
2. Катчылыктын милдеттери, функциялары жана укуктары
5. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттин коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү, коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишмердигин маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө коопсуздуктун абалы жөнүндө талдоо баяндамаларын даярдоо;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматты топтоо, изилдөө жана иштеп чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдоо:
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана өркүндөтүү, ушул жааттагы максаттуу программаларды иштеп чыгууну уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу, алардын кесепеттерин жоюу;
- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу жана алып салуу, ошондой эле согуштук абалды киргизүү жана алып салуу;
4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган мамлекеттик органдардын ишмердигинин натыйжалуулугуна баа берүү;
5) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлеринде камоодогу адамдарга карата кыйноолорду жана башка катаал мамилени алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишин талдоо;
6) Кеңештин жыйналыштарында каралуучу келечектүү темалардын тизмесин түзүү;
7) Кеңештин жыйналыштарын жана оперативдик кеңешмелерин даярдоону, өткөрүүнү камсыз кылуу;
8) Кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана алардын аткарылышын контролго алуу.
6. Катчылык милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Кеңештин жыйналыштарын, оперативдик кеңешмелерин уюштуруу жана өткөрүү;
2) Кеңештин чечимдеринин долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
3) коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, алардын аткарылышын контролдоо;
4) коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук, региондук жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүнө талдоо жүргүзүү жана божомолдоо;
5) инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына болгон ички жана тышкы коркунучтарды аныктоо боюнча механизмдерди өркүндөтүү бөлүгүңдө сунуштарды иштеп чыгуу;
6) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар келип чыккан учурда оперативдик жооп кайтаруу чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо;
7) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жаатындагы тышкы жана ички саясатты ишке ашыруу процессине, социалдык-саясий жана экономикалык абалга, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалына, улуттук коопсуздуктун коркунучтарына каршы аракеттенүү, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарда калкты жана мамлекеттин аймагын коргоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
8) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
9) Кеңештин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрдү жана укук коргоо органдарын инспекциялоо, коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин текшерүү, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кеңешке сунуштарды киргизүү;
10) улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө концепцияларды, стратегияларды, доктриналарды жана башка стратегиялык документтерди иштеп чыгууну уюштуруу;
11) эркиндигинен ажыратылган жана эркиндигинен чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени алдын-алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аларды кармоо шарттарын жакшыртуу;
12) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну, ошондой эле карап чыгууну демилгелөө;
13) улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого катышуу;
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорлорун даярдоо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын директиваларын, буйруктарын жана чечимдерин даярдоого катышуу;
15) министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
16) Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине даректелген жарандардын кайрылууларын жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун каттарын карап чыгуу;
17) жогорку аскердик жана атайын наамдарды, ардактуу наамдарды берүү, ошондой эле аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын жана республиканын башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү;
18) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
19) Катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик жана жумушчу топторду түзүү.
7. Катчылык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик жана муниципалдык органдардан, коомдук жана башка уюмдардан, ошондой эле кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жана Катчылыктын дарегине кайрылып жаткан жарандардан Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча керектүү, анын ичинде жашыруун мүнөздөгү маалыматты жана документтерди суратууга кылууга жана белгиленген тартипте алууга;
2) Кеңештин компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
3) мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын жана тапшырмаларынын, ошондой эле Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Кеңештин чечимдеринин аткарылышы тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын ишмердиги тууралуу маалыматтарын угууга;
4) мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча компетенттүү болгон мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле илимий мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын адистерин жана эксперттерин ишке тартууга;
5) Катчылыктын компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери менен белгиленген тартипте жумушчу байланыштарын түзүүгө;
6) Катчылыкка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүргүзүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы
8. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы (мындан ары - Катчы) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Катчы Катчылыктын ишин уюштурууну жана Кеңештин чечимдерин аткарууну камсыз кылат.
10. Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча өз ишинде Катчы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийет, ал эми башка маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси менен өз ара аракеттенет.
11. Катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Катчынын орун басарлары болот.
12. Катчы:
1) Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча Катчылыктын ишине жалпы жетекчилик кылат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентин улуттук коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн абалы, ошондой эле Кеңештин чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдайт;
3) Кеңештин Төрагасынын жетекчилиги астында Кеңештин иш ппандарын иштеп чыгууну уюштурат, анын жыйналыштарынын күн тартибин түзөт, Кеңештин жыйналыштарына жумушчу материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;
4) Кеңештин жыйналыштарын даярдоо жана уюштуруу тартибин аныктайт;
5) Кеңештин мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды Кеңештин кезектеги жыйналышын өткөрүү күнү жана орду, күн тартиби жөнүндө алдын-ала маалымдайт, аларды зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар менен камсыз кылат;
6) Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин тиешелүү органдары жана эл аралык уюмдар менен анын ишине байланыштуу маселелер боюнча мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
8) улуттук коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, буйруктарынын, приказдарынын, директиваларынын жана чечимдеринин, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат;
9) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымдайт;
10) Кеңештин компетенциясына таандык маселелер боюнча мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий мекемелерден, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан жана уюмдардан маалымат талап кылууга жана алууга укуктуу;
11) Кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрдү жана укук коргоо органдарын инспекциялоону, коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин текшерүүнү, анын ичинде мамлекеттик контролдоочу жана көзөмөлдөөчү органдардын адистерин тартуу менен уюштурат;
12) Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча түшүндүрмө берет;
13) Катчынын биринчи орун басары менен орун басарынын ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт;
14) Катчылыктын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
15) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине Катчылык жөнүндө жобонун долбоорун, ошондой эле анын штаттык саны жана түзүмү боюнча сунушун киргизет;
16) Президенттин Аппаратынын Жетекчисине белгиленген тартипте Катчылыктын кызматкеринин кызмат ордуна дайындалуучу талапкерлер боюнча сунуштарын киргизет, ошондой эле аларды кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуштарын берет.
13. Катчы Катчылыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
4. Катчылык
14. Катчылык тынчтык мезгилинде Кеңештин ишин маалыматтык-талдоо жана уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырат, ал эми согуш мезгилинде бул камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ишке ашырат.
15. Катчылыктын кызматкерлери Катчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Катчылыктын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
16. Катчылыктын кызматкерлери Кеңештин иши жөнүндө купуя маалыматты же болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу аларга белгилүү болгон башка маалыматты жарыялоого укугу жок.
17. Катчылыктын ишин маалыматтык-талдоону камсыз кылуу Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
18. Катчылыктын ишин материалдык-техникалык жана транспорттук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ишке ашырат.
19. Катчынын орун басары:
1) Катчы жокто анын ордун алмаштырат;
2) коргоо, коопсуздук, башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эки тараптуу кызматташуу жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча мамлекеттик органдарды, чөйрөлөрдү жана багыттарды тейлейт;
3) документтердин аткарылышына жана иш кагаздарын жүргүзүүгө контролдоону камсыз кылат;
4) кураторлук кылуучу мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана алардын тиешелүү иш-чараларды аткаруусун контролдойт;
5) кураторлук кылуучу багыттар боюнча Катчылыкка келип түшкөн документтерди изилдөөнү, жалпылоону жана талдоону уюштурат.
20. Катчылыктын сектор башчысы:
1) Катчылыктын милдеттерине ылайык секторго жалпы жетекчилик кылат;
2) процесстерди жана сектордун ишмердигин башкаруу стратегиясын аныктайт;
3) сектордун милдеттерин аткаруу боюнча оперативдик максаттарды аныктайт;
4) милдеттерди аткаруу үчүн ресурстарды аныктайт жана анын аткарылышын контролдойт;
5) иш кагаздардын жүргүзүлүшүнө жана секторго тиешелүү маселелер боюнча процесстерге талдоо жүргүзөт;
6) сектордун талдоо ишин камсыз кылат.
21. Катчылыктын инспектору:
1) функционалдык милдеттерине ылайык мамлекеттик органдарга кураторлук кылат;
2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу көз карашынан алганда кураторлук кылуучу мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзөт;
3) эксперттик коом менен өз ара аракеттенүүнү жана эксперттик талкууну уюштурууну камсыз кылат;
4) талдоо жана божомолдоо материалдарын даярдайт;
5) улуттук коопсуздукту жана/же коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө белгилүү бир процесстин ишке ашырылышын контролдойт;
6) жарандардын кайрылуулары менен иштейт.
22. Катчынын орун басарлары, Катчылыктын секторлорунун башчылары жана инспекторлору Катчы тарабынан бекитилген кызматтык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
5. Катчылыктын комиссиялары жана жумушчу топтору
23. Кеңештин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгондо туруктуу жана убактылуу комиссиялар, ошондой эле жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү, алардын милдеттери жана жеке курамы жөнүндө маселелер Катчынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чечилет.
24. Туруктуу жана убактылуу комиссияларды Кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, алардын орун басарлары же болбосо, Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укук берген адамдар жетектей алат.
25. Туруктуу жана убактылуу комиссиялар, жумушчу топтор Катчынын тапшырмасы боюнча Кеңештин жыйналыштарына материалдарды даярдоону ишке ашырат, улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучка баа берүү боюнча талдоо ишин аткарат, мамлекеттин коопсуздук жана коргонуу жөндөмдүүлүгү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат, өз ишинин жыйынтыгы жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт.
6. Инспекциялоо жана текшерүү жүргүзүү
26. Кеңештин чечими менен Катчылык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрдү жана укук коргоо органдарын инспекциялоону уюштурат жана өткөрөт, коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигине текшерүүнү жүргүзөт.
27. Текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары Катчы тарабынан аныкталат.
28. Текшерүүнү жүргүзүү үчүн курамы 3 адамдан кем эмес комиссия түзүлөт, анын курамын Кеңештин Төрагасы бекитет.
Текшерүүнү ар тараптуу жана толук жүргүзүү максатында адистер жана эксперттер, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу жана көзөмөлдөөчү органдардан адистер жана эксперттер тартылышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.12.2018 · № 243 · Күчүн жоготкон