Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 243 Жарлыгына) 1-тиркеме
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 28 марта 2022 года УП № 93 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-28.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) билдирүүнү жана анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Өкүлчүлүккө Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орун басары болот.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Президенттин атайын чечимисиз эле катышат.
4. Өкүлчүлүктүн негизги милдети болуп Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн функциялары
5. Өкүлчүлүк төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарга, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, парламенттик фракциялардын ишине, парламенттик угууларга катышат;
2) өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук турмушундагы актуалдуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын Жогорку Кеңешине, анын комитеттерине, убактылуу комиссияларына, парламенттик фракцияларына маалымат берет;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерин Жогорку Кеңештин жыйналыштарына сунуш кылат;
4) Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун кабып алууда Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын билдирет;
5) Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анда каралып жаткан маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдайт;
6) шайлоо, бошотуу, ошондой эле макулдук берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуш кылат;
7) айрым жерлерге өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө; Кыргыз Республикасына баскынчылык кылуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда согуш абалын жарыялоо, согуш абалын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылат;
8) Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын жана/же кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштарын, ошондой эле анда карала турган маселелерди киргизет;
9) зарыл болгон учурда Жогорку Кеңештин, комитеттердин жана фракциялардын жетекчилери менен консультацияларды жүргүзөт;
10) Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
11) Жогорку Кеңеште кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген баяндамаларды жана башка материалдарды даярдоого катышат;
12) комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, парламенттик фракциялардын, Жогорку Кеңештин жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын Президентинин өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, жолугушууларын уюштурууга көмөк көрсөтөт;
13) ушул Жобонун 6-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн эксперттик жана жумушчу топтордун жана кызмат адамдарынын ишин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүү бөлүгүндө координациялайт;
14) өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана Президенттин Аппаратынын дарегине келген жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын карайт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктары
6. Ыйгарым укуктуу өкүл өз функцияларын аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан чыгууга;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти каршы пикирлер менен кайра кайтарган мыйзамдар боюнча тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Президенти четке каккан мыйзамдардын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу процессине катышууга;
4) өз ишинин айрым багыттары боюнча эксперттик жана жумушчу топторду түзүү жөнүндө, ошондой эле өз функцияларын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Президенттин Аппаратынын, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучуларды, илимпоздорду жана эксперттерди белгиленген тартипте тартуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине берүүгө;
5) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгиленген тартипте зарыл корутундуларды, материалдарды жана маалыматтарды суратууга жана алууга;
6) өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды алуу үчүн комитеттерге, убактылуу комиссияларга, парламенттик фракцияларга жана Жогорку Кеңештин Аппаратына кайрылууга;
7) Жогорку Кеңеште, Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө таркатылган зарыл материалдарды жана маалыматтарды алууга;
8) белгиленген тартипте маалыматтар банкынан, анын ичинде өкмөттүк маалыматтар банкынан, Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын байланыш жана коммуникациялык системаларынан, башка техникалык каражаттарынан пайдаланууга;
9) өкүлчүлүккө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүргүзүүгө.
4. Кызматкерлер
7. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн эксперти ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары:
1) ыйгарым укуктуу өкүл жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар боюнча, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралган мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарды даярдайт;
3) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссиялардын, парламенттик фракциялардын ишине катышат;
4) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти четке каккан мыйзамдардын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссияларынын ишине катышат;
5) ыйгарым укуктуу өкүл жок болгон учурда ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
6) ыйгарым укуктуу өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз убагында сунуш кылышын контролдойт;
7) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
9. Эксперт:
1) Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар боюнча, ошондой эле Жогорку Кеңеште каралган мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарды даярдайт;
2) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссиялардын, парламенттик фракциялардын ишине катышат;
3) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти четке каккан мыйзамдардын ченемдеринин макулдашылган редакциясын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссияларынын ишине катышат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдерин жана башка материалдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана даярдоого катышат;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы боюнча башка укуктарды жүргүзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.03.2022 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.12.2018 · № 243 · Күчүн жоготкон