# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5417/edition/20007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 25-октябрындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016839

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 25-октябры № 171

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230016839/st-1)

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1028-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын: "11) санжыра музейлери - адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230016839/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 25-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
