# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 401 "Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 401 "Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 647
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34466/edition/19943/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 401 "Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (29.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016787

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-октябры № 647

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 401 "Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында окуу процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 401 "Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын аскердик жана укук коргоо органдарынын системасына кирген жана медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарында окуу сабактары саат 10дон эрте башталбайт деп белгиленсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
