# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 310 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 310 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 310
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016662>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10731/edition/19824/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016662.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 310 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгы (31.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016662

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 31-октябры ПЖ № 310

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имараттарынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, алардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;

- аталган мекемени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
