Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 310 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу „Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент“ мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 31-октябры ПЖ № 310
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имараттарынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу, алардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- аталган мекемени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021