# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 650
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34299/edition/19734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу" токтому (29.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016569

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-октябры № 650

Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50, 70-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтеринин жана ведомстволорунун тийиштүү жылдарга бекитилген бюджетинин жана штаттык бирдиктеринин чегинде ишке ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 583 "Кыргыз Республикасында жугуштуу ооруларды каттоого алуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
