# Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 01-5/75 "Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануу ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 01-5/75 "Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануу ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-5/75
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78246/edition/19598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 01-5/75 "Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануу ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016440

---

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 30-марты № 01-5/75 Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануу ижара акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрдагы “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине берүүнүн тартибин бекитүү” тууралуу № 329-НИ буйругунун 9-пунктун жетекчиликке алып Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:

1. Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу үчүн ижара акысы бекитилсин

· Сугат айдоо жерлери – 12210 (он эки миң эки жүз он) сом;

· Кайрак жерлери – 2016 (эки миң он алты) сом;

· Чабык жерлери – 417 (четыре сто семнадцать) сом;

· Көп жылдык көчөттөр – 6330 (алты миң үч жүз отуз) сом;

2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү бул токтомду Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

Төрага

Мураталиев У.М.
