# Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 14 "Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 14 "Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-34195/edition/19593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 14 "Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу" токтому (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016436

---

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 12-июлундагы № 14

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы , айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 79-беренесинин 3-пунктуна,Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергилитүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 54-беренесинин 4-пунктуна жана Ак-Башат айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 13- отурумунун протоколунун чечиминин негизинде, Ак-Башат айылдык кенеш токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, айыл аймагынын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын акарылышы тууралуу маалымат эске алынсын.

2. Төмөнкү иштерге айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн сметалар бекитилсин:

-стоматологиялык кабинетти оңдоо-152,5 миң сом; -балдар ойночуу аянтчасын куруу- 1109,4 миң сом; -кичи футбол аянтчасын оңдоо-1776,0 миң сом; -автотранспортторду сатып алуу үчүн биргелешип каржылоого-1056,0 миң сом; -Новониколаевка айылындагы маданият үйүнүн фасадын оңдоо-1479,1 миң сом;

- Западная көчөсүнүн узундугу 450 метр жолуна асфальт төшөө -2533,0 миң сом.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Н.О. Садыкова
