Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер»,»Запастагы жерлер» жана «Токой фондунун жерлери» категорияларынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-октябры № 649
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер", "Запастагы жерлер" жана "Токой фондунун жерлери" категорияларынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагына «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун (Ак-Булак чокусу) ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 01-49-4890 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 5-августундагы № 102 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
1. «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун (Ак-Булак чокусу) ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 826,4 га жер "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан 103,7 га 1-тиркемеге ылайык;
- "Запастагы жерлер" категориясынан 257,0 га 2-тиркемеге ылайык;
- "Токой фондунун жерлери" категориясынан 465,7 га 3-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомуна акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогоруда аталган жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жерлердин менчик ээсине/жерди пайдалануучуга карата жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалына келтирүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жерлерди алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык сактоону.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 85 (3639) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
1-тиркеме
«Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулуучу (трансформациялануучу) "Айыл чарба багытындагы жерлер"
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
Контуру
Жердин түрү
Аянты, га
№ 210
Кайрак айдоо
12,2
№ 211
Кайрак айдоо
5,6
№ 215
Кайрак айдоо
9,7
№ 218
Кайрак айдоо
0,4
№ 221
Кайрак айдоо
3,6
№ 222
Кайрак айдоо
0,6
№ 228
Кайрак айдоо
1,1
№ 233
Кайрак айдоо
1,5
№ 234
Кайрак айдоо
0,9
№ 237
Кайрак айдоо
2,7
№ 239
Кайрак айдоо
2,8
№ 240
Кайрак айдоо
2,6
№ 1069
Кайрак айдоо
6,0
№ 1095
Чабынды
23,3
№ 1097
Кайрак айдоо
6,6
№ 1098
Кайрак айдоо
2,0
№ 1109
Кайрак айдоо
1,9
№ 1111
Чабынды
7,7
№ 1115
Кайрак айдоо
12,5
Жыйынтыгы
103,7
2-тиркеме
«Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулуучу (трансформациялануучу) "Запастагы жерлер"
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
Контуру
Жердин түрү
Аянты, га
№ 3
Таштар
18,2
№ 5
Жайыттар
89,2
№ 6
Жайыттар
0,7
№ 10
Жайыттар
3,9
№ 11
Жайыттар
13,8
№ 12
Жайыттар
58,7
№ 13
Жайыттар
48,3
№ 15
Жайыттар
14
№ 16
Жайыттар
0,6
№ 8
Таштар
9,6
Жыйынтыгы
257,0
3-тиркеме
«Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашыруу үчүн "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулуучу (трансформациялануучу) "Токой фондунун жерлери"
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол токой чарбасы:
Квартал №
Бөлүнгөн жер
Жердин түрү
Аянты, га
Түргөн токойчулугу
3
3
Токой өсүмдүктөрү
15,97
3
15
Токой өсүмдүктөрү
2,67
3
17
Токой өсүмдүктөрү
13,05
3
2
Токой өсүмдүктөрү
12,5
3
9
Токой өсүмдүктөрү
1,58
3
12
Токой өсүмдүктөрү
0,93
3
5
Сейрек дарак
5,57
3
10
Сейрек дарак
2,97
3
4
Сейрек дарак
6,93
3
11
Сейрек дарак
0,3
3
7
Ачык жер
0,43
3
14
Ачык жер
0,34
3
8
Ачык жер
0,99
3
6
Ачык жер
0,35
3
1
Жайыттар
148,47
3
16
Жайыттар
15,93
2
1
Жайыттар
7,02
3
18
Башка жерлер
13,37
2
27
Башка жерлер
5,33
7
40
Токой өсүмдүктөрү
0,74
6
2
Токой өсүмдүктөрү
10,04
6
12
Токой өсүмдүктөрү
1,59
6
13
Токой өсүмдүктөрү
7,3
6
3
Токой өсүмдүктөрү
11,93
6
4
Токой өсүмдүктөрү
13,64
6
5
Токой өсүмдүктөрү
8,8
6
7
Токой өсүмдүктөрү
0,58
6
6
Токой өсүмдүктөрү
1,46
6
10
Токой өсүмдүктөрү
0,64
7
36
Токой өсүмдүктөрү
0,22
6
14
Токой өсүмдүктөрү
0,76
7
34
Жайыттар
15,79
6
1
Жайыттар
136,59
6
9
Жайыттар
0,92
Жыйынтыгы
465,7
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.