# КР 2024-жылдын 5-августунун № 159 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2024-жылдын 5-августунун № 159 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Конституционный закон
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230016418>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/2-2/edition/19574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230016418.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2024-жылдын 5-августунун № 159 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Конституциялык Мыйзамы (05.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230016418

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 5-августу № 159

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 19-беренеде:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "анын ичинде 5 жылдан кем эмес" деген сөздөрдөн кийин ", анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:

"5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат.";

в) 14-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп мыйзамда белгиленген тартипте таанылгандар же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор.";

2) 21-беренеде:

а) 1-бөлүктө "5 жылдан кем эмес иш стажы бар" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик жана расмий тилдерди билген" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп мыйзамда белгиленген тартипте таанылгандар же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор.";

3) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:

"6) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

7) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат.";

4) 24-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктай элек, иштеп жаткан судьялар.". 2-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 27-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
